Той башталарда үй ээси насыя алганын айтпай эле койгону жакшы. Тамаданын маеги

Кыргыз эли той-ашка, куда тосууга абдан маани берет. Акыркы кезде тойлор тамадасыз өтпөй калганы да белгилүү. Жакшылыктын эрке балдары мындай иш-чаралардын жакшысын ашырып, кемчилигин жашырып кызмат кылышат.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто нарк-насилден кеп салып, тойду салттуу стилде алып барган тамада Руслан Байдылдаев болду. Биз тойлордогу кызыктар жана тамаданын ишмердиги тууралуу сүйлөштүк.
— Канча жылдан бери тамадалык кызматты аркалап келесиз?
— Акыркы 3-4 жылдан бери тамадалыкка баш-отум менен кирип, изденип, тойлордо кызмат кылып келе жатам. Адам ачка калып же кандайдыр бир кыйынчылыктарга кабылганда мээси көбүрөөк иштеп толгонуп баштайт эмеспи. Тамадалыкка келип калышыма да ошондой себептер болгон. Ал ортодо кара жумушта да иштеп көрдүм. Анан эле досумдун тоюнда микрофон мага тийип калып, ойдо жок жерден ушул кесипке келип калдым.
"Менден жакшы тамада чыгышы керек деп көшөрүп, изденип отуруп такшалдым", — дейт тойлордун алып баруучусу Руслан Байдылдаев.
— Кандайча ошончо кишиден тамадалык микрофон сизге тийип калды?
— Университетте бирге окуган досум үйлөнүп, куттуктап барып калдык. Ишенсеңиз ага чейин тойго деле барып көргөн эмесмин. Бирок окуу жайда иш-чараларды алып барып жүрчүмүн. Мектептен эле ушундай каалоом болсо да мугалимдерден тартынып, классташтардан уялып сахнага чыкчу эмесмин. Анан ошол той ортосуна жетпей эле эл ары-бери басып, тамада ойду-тоону сүйлөп, коноктор аябай ичип баштады. Бир убакта кудай жалгап жаштарга эрте эле сөз берилип калса болобу. Анан үйлөнүп жаткан досум администратор аркылуу менин көбүрөөк сүйлөп элди тынчтандыруумду сураптыр. Ошентип той берген тараптын уруусун даңазалап, сажырадан кеп кылып "бүгүнкү тойго байлык үчүн эмес, бата үчүн чогулуп отурабыз. Туугандар, мындай кылганыңар жарабайт" деп калсам эл да акырындан тынчтана баштады. Аркамдагы жаштар дем берип койсо ансайын сүйлөп, тойду андан ары алып кеттим. Ошол тойдун акырында мургабдыктар "жолугушуу кечебизди алып барып бер" деп номеримди жазып кетишти. Тушоом ошентип досумдун жакшылыгында кесилген.
Ошондон кийин сенден жакшы тамада чыгат экен деп буюртмалар түшө баштады. Башында алып барганым окшошпой калып той ээлерин нааразы кылган учурлар да болбой койгон жок. Менден жакшы тамада чыгышы керек деп көшөрүп, изденип отуруп такшалдым.
— Тойдун эрке баласынын башкы таланты сөздүн энергиясы менен элди муютуп, бир ыргакта алып кетүү эмеспи. Буга да шык керек. Ата-тегиңизде сөз баккан чечендер болгонбу?
— Мен өзүм кар жатпас касиеттүү кара Кочкордун Мантыш деген айылынан болом. Ата-энем мени абдан эркин тарбиялаган, эч качан тыйган эмес. Атам өзү сөзмөр, кепке маани берген адам. Бирок үйдүн кичүүсү болгондуктан айылда эле калып калган. Чоң энемдин эркеси элем. Ал киши 6-класс кезимде кайтыш болду. Кичинемде кенже эпостордон баштап элдик оозеки чыгармачылык тууралуу көп айтып берчү. Өзү кат таанычу эмес. Мага эпос, жомок китептерди окутчу эле. Кээде тажап ойногум келип, эки-үч баракты бир аттап кетсем "жанагынын баланча деген жери бар эле, аттап кеттиңби же айрылып калыптырбы" деп билип койчу. "Бул эмне деген кемпир, ай. Өзү билсе мени эмне окутуп жатат" деп таң калчумун. Көрсө, тили жатыгып, көзү китепке каныксын дечү турбайбы.
Тамада Руслан Байдылдаев: Мен алып барган үйлөнүү тойдогу эки жаштын кийин ажырашканын көрсөм абдан жаман болом. Бир жигиттин тоюн экинчи ирет алып барган учур да кездешет.
— Сөз менен жана эл менен иштеген адам катары сиз санжыраны, тарыхты да билишиңиз керек да. Жакшылыкта сөзгө какап калбоо үчүн азыр деле көп китеп окусаңыз керек?
— Мындан эки жыл мурда Таластан буюртма түштү. Бир жума калганда той ээси өз уруусунун санжырасынан эки баракка кыскартып жазып берип жибериптир. Анан чыкканда эле "туугандар, бул жөн той эмес, баланчанын урпагы, түкүнчөнүн уулунукуна келип отурасыңар" деп айтып жатсам эле бир аксакал "ай, бала, бери келчи" деди. Барсам "эртеден бери биздин санжыраны какылдап айтып жатасың, сен өзүң кимсиң, кагылайын" деп сурады. Анан "ата, Кочкордон болом, уурум саяк, Курманкожодон тарагам" десем. "Билем, саяктын көбү эле Курманкожодон тараган, калганын айт" дегенде какап бердим. "Өз санжыраңды билип, анан биздикин айтып жүр" дегенин укканда башымдан ылдый муздак суу куйгандай болдум. Мен сөзгө сынып, ал той да аяктады. Ичимде бушайман болуп калдым. Эртең дагы бир жерден сөзгө сынгым келген жок. Ошентип жумгалдыктар менен таанышып, алардан китеп алып, ким болгонубузду, эмне болгонубузду сурамжылап билдим. Ушу тапта ошол аксакал менен кайрадан жолугушуп калсам экен деп тиленип жүрөм.
— Тамадалардын той алып баруу маданияты тууралуу эмне дейсиз?
— Азыр заман абдан өзгөрүп жатат. Анын агымы менен кетпесең эртең эле суроо-талаптан четтеп калышың мүмкүн. Мен тамадаларды үчкө бөлүп карайм. Биринчиси, кыргызча-орусча, чет тилдерин жакшы билип, чет өлкөдөн келген меймандар менен да тойду жогорку деңгээлде өткөрө алгандар. Экинчиси, шоумендер. Булар элди кыйкыртып-өкүртүп, бийлетип, күлдүрүп, ойнотуп алып барат. Үчүнчүсү, нарк-насилден, санжырадан сүйлөгөн салттуу тамадалар. Мен үчүнчүсүн тандап алгам. Азыр 1, 2-бөлүк сөз менен өтсө, үчүнчүсүн шоу кылганга аракет кылып жатабыз. Той да аманат. Кээде 1-1,5 миллион сомго өтүп жаткан тойлор болот. Анда тамаданын вазийпасы сүйлөп, элге тост берип, ырчыларды ырдатып эле коюу эмес. Тамактардын берилишинен тартып, тойдун жаманын жашырып, жакшысын ашырып кетүү да милдетибиз. Кээде бири-бирин сынап келген кудалар болот. Ошондо абдан кыйналасың. Андайлар башында эле бири-бирине кырын салып башташат. Ошондо экөө урушуп кетпесин деп көңүлдөрүн таап, аке-жакелеп жүрүп чарчайсың. Кээде миллионер менен карапайым адам куда болуп калганда тимеле тил табышып, таттуу болуп кетишет. Ошондон улам таттуу куда күтүү — адамдын турмуштагы жашоо деңгээлинен эмес, адамгерчилигинен деп ойлойм. Бир ирет Таласка куда тосууга кызматка бардым. Үй ээси бардар экен. Ал кудасынын алып келген 180 миң сом калыңына ичи чыкпай, түшкү 11:00дө келген кудаларды кечки 17:00дө кетирткен. Негизи таңкы 5ке чейин коноктомокпуз. Ошондо жаштар ажырашып кетет го деп бушайман болгом. Бирок жакында көрдүм, экөө эгиз балалуу болушуптур. Ээрчишип жүргөнүн көрүп сүйүндүм. Мен алып барган үйлөнүү тойдогу эки жаштын кийин ажырашканын көрсөм абдан жаман болом. Бир жигиттин тоюн экинчи ирет алып барган учур да кездешет.
"Той да аманат. Тамаданын вазийпасы сүйлөп, элге тост берип, ырчыларды ырдатып эле коюу эмес. Тамактын берилишинен тартып, тойдун жаманын жашырып, жакшысын ашырып кетүү да милдетибиз", — дейт тамада Руслан Байдылдаев.
— Кээ бир тамадалардын оюндары, айткан тамашалары биздин менталитетке такыр туура келбейт. Ал жакта кайната-келин, улуу-кичүү бирге отурат...
— Ооба, бирок мыкты тамадалар да бар. Кесиптеш агаларымды сындоодон алысмын, бирок андай кемчиликтер болот. Айрымдарыбыз казактарды туурап калдык. Кыргызда "шапалак" дебейт. "Кол чаап койгула" дегенди "шапалак, шапалак" деп отурганын көрүп иренжийсиң. Ушундай жактарыбыз одоно көрүнөт.
— Азыр элде акча жок дегенибиз менен той-топурдагы ашыкча чыгым, каадалар көбөйүп кеткендей?
— Ашыкча чыгым той кафеде же үйдө берилгенден эмес. Ал адамдын өзүнөн болот экен. Айрымдар өтө эле чачылып, байгеге кымбат буюмдарды коё берет. Карапайым эл кафеден эмес, үйүнө куда тоскондо абдан ысырап болушат. Азыр түштөнүүгө оңбогондой чыгым кетип жатат. Анча этти эч ким деле жебейт. Кыштын күнү да жакшы деңизчи, устукандарын коробкалап салып кетишет. Жайында эт эки сааттан кийин жыттанат. Кудага бир жылкы, 5-6 кой союлуп жатат. Мунун баары ысырапчылык. Бир жолу нарындык байке кудасына жылкы соёт да, түштөнтөм деген жакындарына "коюң менен таттуу-тарапаңдын акчасын алып кел" дейт. Анан алардын акчасын алып, үйүндөгү жылкынын этинен тартып түштөндүрүп турган. Аягында алты-жети койдун этинин жана таттууларынын акчасын чогултуп, кыз-күйөөсүнө алгачкы капитал катары берген.
"Кээде бири-бирин сынап келген кудалар болот. Ошондо абдан кыйналасың. Кээде миллионер менен карапайым адам куда болуп калганда дароо тил табышып, таттуу болуп кетишет. Ошондон улам таттуу куда күтүү — адамдын турмуштагы жашоо деңгээлинен эмес, адамгерчилигинен деп ойлойм", — дейт тамада Руслан Байдылдаев.
— Тамадалык кесип менен бүгүн бутка туруп кетүүгө болобу?
— Салык инспекциясы укпасын, бирок болот. Бизди эл багып жатат. Мен да үйлүү болуп бутка туруп алып, анан үйлөнүүнү максат кылам. Кыз-кыркын менен таанышып калсаң, тамада экениңди укса эле "ичет, кыз жандуу" деп ойлошот. Бирок тойдо канча жүрсөң да кызга көңүл бурууга убакыт болбойт.
— Кесибиңиздин оордугу эмнеде?
— Кыргыздар тажаса эле баш бербей, ары-бери басып калышат. Элди тажатпай сүйлөп, керек жерде жоктон бар кылып күлдүрүп, сөзгө чыккандарды да таарынтпай, той ээсинин кабагын бүркөлтпөй, ошол эле учурда тамак-ашы да убагы менен ашык-кеми жок берилип турушу керек. Алты саат сүйлөгөнгө болуп көрбөгөндөй энергия кетет. Кээде назар түшүп калабы, айтор, эртеси башыңды көтөрө албай шалдырап жатып каласың. Ошол себептен белгилүү бир куракка келгенде башка тармакка кетем деп ойлойм. Мен үчүн эң кыйыны — туугандардын жана тааныштардын тоюн алып баруу. Тааныштар менен эртеси бет карашпай калгыдай таарыныч болуп, нааразычылыктар айтылбашы керек. Кудай сактасын, андай сөз уга элекмин. Анан да алардан аз акча аласың. Кээде той башталарда той ээси келип "жакшы алып барып бер эми, насыя алып өткөрүп жатам" дешет. Ошол сөздү укканда, тескерисинче, "той насыясын жапса экен" деп сарсанаа болуп жатып оюң бөлүнөт. Тамадага ушуну алдын ала айтпай эле коюшса.
— Бир кезде насыя алып той бергендер абдан көбөйүп кетти эле. Азыр да барбы?
— Ооба, бар. Бир ирет ушундай өкүнүчтүү окуяга күбө болдум. Орто үй-бүлөдөн чыккан бир жигит байдын балдары менен дос экен. Ал досторуна теңелип өтө кымбат ресторанда той берет. Ата-энеси ал үчүн насыя алып, бирок той акчасын жаппай калат. Анткени баланын отуздай досу эки жашка алтын саат менен Дубайга эс алуу жолдомосун берип койгон. Ошону менен үйүн банкка алдырып жиберишти да, уул-келини миграцияга кетти. Кийин апасына жолугуп калсам ыйлады.
Мигранттар акчасын текке кетирбей үйлүү болсо дейбиз. Ишкердин маеги