Көп учурда өлүмгө алып келет. Сенек дарты тууралуу эмнелерди билүү зарыл

Сенек инфекциясы апрель айынан октябрга чейин күч алат. Көп учурда инфекция бут жабыркаганда пайда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти сенек (столбняк) оорусу тууралуу маалымат берди. Анда бул дарт өлүм менен аяктаган жугуштуу оорулардын арасында экинчи орунда турары айтылган.
Сенектин инфекциясы топуракта, жаныбарлардын заңында жана көлчүктөрдө кездешет. Ал организмге денедеги жара, күйүк, үшүк алган жерлер аркылуу кирип, 5-14 күндө ырбайт. Инкубациялык мөөнөтү кээде 30 күнгө дейре созулары жана өзгөчө терең жараларда бат өрчүй тургандыгы айтылган.
Ооруга көбүнчө:
8–9 жашка чейинки балдар (айрыкча, эркек балдар);
киндик кескенде тиешелүү эрежелер сактабалгандыктан улам жаңы төрөлгөн ымыркайлар;
жарасы терең жайылган чоң кишилер (айрыкча, бут, алакан, бет) кабылат.
Дарыгерлердин айтымында, 40-70 пайыз учурда сенек өлүм менен аяктайт.
Дарт апрелден октябрь айына чейин айыл чарба жумуштары тынбай турган мезгилде күч алат. 60 пайыз учурларда сенек инфекциясы бут жабыркаганда пайда болот. Жылаңайлак басуу, тырмактан алган жарааттар, тикенек , сыныктар көбүнчө сенек оорусунун өнүгүшүнө алып келет. Кээде аны "жылаңайлак буттун оорусу" деп да аташат.
Адистер сенек дартын алдын алууга болорун, бул үчүн өз убагында эмдөөдөн өтүү зарылдыгын эскертишти. Сенекке каршы эмдөө баланын 2-3,5-6 айында, 2, 6, 11 жана 16 жашында, андан кийин ар бир 10 жылда бир жүргүзүлүп турат.
Кыргызстандыктар кызылча оорусу жөнүндө эмнени билиши керек? 8 суроого жооп