Россиянын аскерлери танк биатлонунда биринчи орунду ээледи

Финалда Россиянын, Өзбекстандын, Беларустун жана Кытайдын экипаждары күч сынашты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Армия оюндарынын бир бөлүгү болгон "Танк биатлону – 2022" таймашында Россиянын аскерлери биринчи орунду камсыз кылды.
Финалда Россиянын, Өзбекстандын, Беларустун жана Кытайдын экипаждары күч сынашты.
Финалдын жыйынтыгы:
Россия — I орун;
Беларусь — II орун;
Кытай — III орун;
Өзбекстан — IV орун.
Эске салсак, Кыргызстандын танкачылары алгачкы ирет биринчи дивизионго чыгып, тилекке каршы, таймаштардын жыйынтыгында жарым финалга жетпей калды. Алар Кытай, Россия, Беларус танкачылары менен жарышкан.
Танк биатлонунда ат салышкан кыргызстандык аскерлер. Полигондогу 12 сүрөт