Ош шаарында Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата ат чабыш өтөт

Мэрия жалпы байге фонду 500 000 сом экенин кабарлады.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ош шаарында 31-август күнү мэрдин кубогу үчүн ат чабыш өтөт. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Аталган оюндарды Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата мэрия Аргымак федерациясы менен биргеликте уюштурууда. Күлүктөр Төлөйкөн айылындагы ипподромдо жарышка чыгат. Кирүү акысыз.
Мэрия жалпы байге фонду 500 000 сом экенин кабарлады.
Эгемендүүлүк күнүнө карата кандай иш-чаралар өтөт? Программа