БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Россия өзүнүн өзөктүк куралын төрт учурда гана колдоно алат жана ал сыр деле эмес. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев франциялык LCI телеканалына маек берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Теле алып баруучу ага "Россиянын аскердик доктринасында өлкөгө коркунуч туулган учурда өзөктүк куралды колдонуу каралганбы?" деген суроо узаткан.
"Өзөктүк куралды кармоо жааатында мамлекеттик саясаттын негиздери" деген документ бар. Эгер мен жаңылбасам, 19-пунктусунда аны колдонуу үчүн төрт негиз көрсөтүлгөн. Маселен, мамлекеттүүлүккө коркунуч туудуруп өзөктүк ракетаны учуруу, өзөктүк куралды колдонуу, өзөктүк куралды көзөмөлдөгөн маанилүү инфраструктурага сокуу уруу же башка аракеттер. Азырынча мындай нерсе байкала элек", — деген Медведев.
Ал НАТОдон айырмаланып Россия өзөктүк курал такыр колдонбогонун белгилеген. Ошондой эле Медведев Россия миң жылдык тарыхы бар жана эң чоң өзөктүк потенциалга ээ мамлекет экенин айтып, өзүн коргой ала турганын кошумчалаган.