Нарында күндүн көзү бузулбайт. Бир жумага карата аба ырайы

31-августта гана өткүн өтүшү ыктымал. Башка күндөрү жаан-чачын болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Нарын облусунда аба ырайы кандай болорун божомолдоду.
Ага ылайык, келе жаткан жумада Нарында күн ачык болот.
31-августта гана өткүн өтүшү ыктымал. Башка күндөрү жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы 20-22 градуска чейин ысыйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Суктандырган Суусамыр. National Geographic өзгөчө видео жарыялады