Радио

Бактыгулов: саясий партиялар эл менен бийликтин ортосунда көпүрө боло албай калды

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Жогорку Кеңеш менен Курултайдын кандай айырмачылыктары бар экенин айтып берди.
Sputnik
Саясий партиялар эл менен бийликтин ортосуна көпүрө боло албай калды. Мындай пикирин Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Курултай бийлик менен элдин ортосунда көпүрөлүк милдетти аткарат.
"Тилекке каршы, саясий партиялар өзүнүн эң негизги — бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуу функциясын аткара албай калды. Ошондуктан президент менен калктын ортосундагы диалогду түзүү үчүн Курултай институтун колдонууга болот. Учурда оппозициялык кыймылдар түзүлүүдө, ар кандай нааразычылыктар айтылып, коомчулук ар кандай топторго бөлүнүп, ажырым күч алууда. Ал эми президент коомдун бардык тараптарын угуп, тийиштүү чечимдерди кабыл алышы керек. Курултайда тийиштүү маселелер көтөрүлүп, анын чечүү жолдору көрсөтүлөт. Буга чейин бийлик Жогорку Кеңешке отчет берет делип келген. Чынында бийлик отчетту элге берип, аны Жогорку Кеңеш аркылуу ишке ашырган. Албетте, парламент мурдагыдай эле милдеттери, ролу менен кала берет. Анткени анын эл өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу жана аны көзөмөлдөө функциялары турат. Бул жагынан алганда Жогорку Кеңеш менен Курултайдын айырмачылыктары бар. Курултайда эл өкүлчүлүк функциясы бар, ошондой эле алар мыйзам демилгелей алат. Анткен менен көбүнчө саясий-кеңешүүчүлүк милдетти көбүрөөк колго алат", — деди Бактыгулов.
Ошондой эле ал элдин баары эле социалдык тармактарда отурбасын эске алуу керек экенин кошумчалады.