Казакстанда автобус кырсыктап, төрт кыргызстандык ооруканага түштү

Автокырсык бүгүн саат 06:40 чамасында "Батыш Кытай — Батыш Европа" жолунда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бүгүн таңда Казакстандын аймагында автобус трассадан чыгып аңга кирип кеткен. Жабыркаган жүргүнчүлөрдүн төртөө кыргызстандык экени аныкталды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Автокырсык саат 06:40та "Батыш Кытай — Батыш Европа" жолунда, Шапак-Баба деп аталган айылга кире бериште болгону айтылды. Жабыркагандар Түлкүбас районундагы Рыскулов атындагы ооруканага жеткирилген.
Ал кыргызстандыктар төмөнкүлөр болгон:
А.З.А. — 44 жашта;
Т.у.Т. — 33 жашта;
Э.С. — 37 жашта;
М.Б.Т. — 25 жашта.
"Учурда алар орточо оор абалда, зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу кырсыктын чоо-жайын билиш үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Ооруканадагы кыргызстандыктардын абалы алардын көзөмөлүндө", — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, буга чейин ЖМКлар Өзбекстандан Кыргызстанга коңшу Казакстан аркылуу келе жаткан автобус кырсыктап, андан 12 адамдын жаракат алгандыгын жазган.
Ысык-Көлдө жол кырсыгы болуп эки киши каза тапты. Видео