28-августка карата аба ырайы

28-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Жекшембиде күндүз Талас, Баткен аймактарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас жергесинде +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градуска жетет.
Термометр Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +31...+33, ал эми Чолпон Атада +25...+27 градусту көрсөтөрү айтылды.
Күн кайра ысыйбы? Дем алышка карата аба ырайы