Башкача атмосфера, өзгөчө кийимдер. Бишкекте өткөн мода жумалыгынан 18 сүрөт

26-августта Улуттук тарых музейинде Кыргызстандын дизайнерлери коллекцияларын көрсөтүп, мода жумалыгы өттү.
Sputnik
Маданият министрлигинин колдоосу менен "Мода үйү" уюштурган иш-чарада улуттук колориттеги кийимдер менен кошо заманбап коллекциялар сунушталды.
Дизайнерлер күзгү коллекцияларын сунуштаса, кыргыз костюмдарынын тарыхый образдары көпчүлүктү кайдыгер калтырган жок.
1 / 18

26-август. Улуттук тарых музейинин алды жаркырап, мода сүйүүчүлөрүнө толду

2 / 18

Иш-чараны Маданият министрлиги жана Улуттук тарых музейинин колдоосу менен "Мода үйү" өткөрдү

3 / 18

Кыргызстандык дизейнерлер күзгү коллекцияларын сунуштады

4 / 18

Иш-чара келген конокторду көңүл кош калтырган жок

5 / 18

Алар мындай майрамды сүрөт, видеого тартып социалдык тармакка бөлүшүп жатышты

6 / 18

Мода жумалыгы ыр-бий менен коштолду

7 / 18

Тизилген сулуулар. Алар кийип чыккан кийимдер Кыргызстандын дизейнерлеринин кол эмгектери

8 / 18

Айрым коноктор социалдык тармакка иш-чарадан эстетикалык эргүү алганын жазышкан

9 / 18

Иш-чарада кыргыз костюмдарынын тарыхый образдары да сунушталды

10 / 18

Улуттук колорит менен заманбап стиль айкалышкан костюм

11 / 18

Тарых музейинин жетекчиси Жылдыз Бакашова мода жумалыгында сүйлөп жаткан учуру

12 / 18

Түштүк аймактарга тиешелүү болгон кыргыз аялынын образы

13 / 18

Ал эми сүрөттөгү элечектин ээк алмайы бар. Мындай баш кийимди түндүк аймактын аялдары кийгени айтылат

14 / 18

Кыз-келиндин көркүн ачкан кыргыздын салттуу кийими

15 / 18

Баса, мода жумалыгы ачык асман алдында, Тарых музейинин сыртында өттү

16 / 18

Уюштуруучулар иш-чараны Кыргызстандын мода тармагын, искусство жана жеңил өнөр жайын өнүктүрүү максатында өткөргөн

17 / 18

Дизайнерлер күзгү коллекциясын да сунушташты

18 / 18

Белгилей кетсек, азыркы учурда көпчүлүк мода сүйүүчүлөр өзгөчө, саркеч кийимдерди жергиликтүү дизейнерлерге буйрутма берип кийип жатканын байкоого болот

Тема боюнча:
Индиянын сулуулары. Нью-Делиде өткөн мода жумалыгынан 12 сүрөт