Ант берген курсанттар бүгүн "Ата-Бейитте" автокырсыкка кабылды. Видео

Жоокерлер Бишкек шаары менен Чүй облусундагы ооруканаларга жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө караштуу Аскер институтунун курсанттары аскердик ант бергенден кийин "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексинин чыга беришинде автокырсыкка учураган. Бул туурасында Коргоо министрлигинен кабарлашты.
Алар түшкөн атайын автоунаа жолдун боюндагы бакты сүзгөн.
"Кырсыктан жаракат алгандар бар. Медициналык биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин 9 адам Бишкек шаары менен Чүй облусундагы ооруканаларга ар кыл жаракаты менен жаткырылды. Калгандары аскер госпиталынын дарыгерлеринин көзөмөлүндө, алардын абалы канааттандырарлык ", — деп айтылган маалыматта.
Аталган автокырсык боюнча кызматтык иликтөө башталып, анын эмнеден келип чыккандыгы териштириле тургандыгы айтылды.
Казакстанда автобус кырсыктап, төрт кыргызстандык ооруканага түштү