Украинанын Куралдуу күчтөрү Запорожье АЭСин аткылап, 4 снаряд кооптуу аймакка түштү

Энергодардын жашоочулары Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Запорожье АЭСин аткылоосун токтотуу талабы менен МАГАТЭге ачык катка кол топтоп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Украина аскерлери Запорожье атомдук электр станциясын кайрадан аткылашты. Радиоактивдүү изотоптор сакталган аймакта төрт сокку катталганын РИА Новости Энергодар администрациясынын маалымат кызматына таянуу менен билдирди.

"Украиналык аскерлер АЭСтин аймагына сокку урган глобалдык өзөктүк террорун улантууда. Бүгүн Запорожье АЭСинде радиоактивдүү изотоптор сакталган аймакка төрт сокку тийди", — деп билдирди шаар мэриясы.

Белгиленгендей, станциянын инфраструктурасы жана негизги түйүндөр жабыркаган эмес. Радиациялык фон нормада сакталууда.
Энергодардын жашоочулары Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Запорожье АЭСин аткылоосун токтотуу талабы менен МАГАТЭге ачык катка кол топтоп жатышат.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул — блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген. Ал март айынан бери Россия аскерлери тарабынан кайтарылып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Запорожье АЭСинин кызматкерлери Украина бийлигин ок атууну токтотууга чакырды