Сентябрда салыктар боюнча рейд башталарын эскертишти

Салыкты өз убагында төкпөгөндөргө 1 000 жана 5 000 сом суммасындагы айыптар каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Салык боюнча мамлекеттик кызмат сентябрь айында салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзө баштайт. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.
"Мыйзамга ылайык, белгиленген мөөнөттө салык төлөөгө үлгүрбөй калган транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогунун ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары административдик айып төлөөгө, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат", — деп айтылган маалыматта.
1-сентябрга чейин төмөнкү салыктарды төлөө керек:
транспорт каражатынын салыгы;
турак жай имаратына (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган үй, батир) салыгы;
үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак чарба жер тилкелеринин салыгы.
Салык төлөгөнгө чейин маалыматтык эсепти электрондук түрдө Salyk.kg "жеке кабинети" аркылуу же салык органына баруу менен кагаз түрүндө тапшыруу зарыл. Calculator.salyk.kg сайты аркылуу салыктын суммасын өз алдынча эсептөөгө мүмкүн. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1 000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып каралган.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg. сайтынан алууга болот.
Транспорт, турак жай жана жер тилкесине салыкты кантип төлөш керек? Жол-жобосу