БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ош облусунда 15 мугалимге турак жай куруу үчүн жер тилке берилди. Бул туурасында президенттин аталган региондогу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Жерлердин сертификатын облус жетекчиси Зиядин Жамалдинов мугалимдердин август кеңешмесинде тапшырган.
Мындан сырткары, ал "Алтын тамга", "Алтын сертифкаттын" жана республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө, алар окуган мектептерге жана билим берүүгө салым кошкон мугалимдерге акчалай сыйлык, Ардак грамоталарды берген.
Ошондой эле облустагы мыкты мектеп жана бала бакчалар аныкталып, ар бири 10 миң сом менен сыйлаган.
Мыкты мектеп — Кара-Суу району, Маданият орто мектеби;
Мыкты инновациялык мектеп — Кара-Кулжа району, Бегиев атындагы орто мектеп;
Мыкты шаардык мектеп — Ноокат району, Абдуллаев атындагы орто мектеби;
Мыкты бала бакча — Өзгөн району, "Жыргалай" бала бакчасы;
Мыкты инновациялык бала бакча — Кара-Кулжа району, "Мээрим" балдар бакчасы;
Мыкты шаардык бала бакча — Өзгөн шаары, "Аймээрим" бала бакчасы;
Мыкты типтүү бала бакча — Ноокат району, "Келечек" балдар бакчасы.