Мишустин: ЕАЭБ өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди

Россия өкмөтүнүн башчысы ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын негизги багыттарын санап өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында айтты.
Ал статистикалык маалыматтарга таянып, биринчи жарым жылдыкта айыл чарба продукциясын өндүрүү 1,6 пайызга өскөнүн белгиледи. Өнөр жай товарларын өндүрүү дээрлик эки пайызга жогорулаган. Жалпысынан ЕАЭБдин ички дүң продукциясы 3,5 пайыздан ашык өстү.
Мындан тышкары, өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валютага өтүү көрсөткүчү 75 пайызга жетип, биримдикте жумушсуздуктун деңгээли 34 пайызга төмөндөгөн.
Россия өкмөтүнүн башчысы ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын төрт негизги багытын санап өттү.
Алар:
бажы, бажы-тарифтик жана тарифтик эмес режимди жөнгө салуу;
ички рынок жана кызматташтык;
финансы жана валюта рыноктору;
үчүнчү өлкөлөр жана интеграциялык бирикмелер менен эл аралык кызматташуу.
Бул нерсенин бардыгы санкциялардын кесепеттерин минималдаштырууга жана жарандардын бакубаттуулугун камсыздоого багытталган.
Мишустин ЕАЭБ өлкөлөрү өзүн-өзү азык-түлүк менен канчалык камсыздай аларын айтты