Мишустин ЕАЭБ өлкөлөрү өзүн-өзү азык-түлүк менен канчалык камсыздай аларын айтты

Россиянын өкмөт башчысы ЕАЭБ дүйнөдөгү эң ири экспортерго айланганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү айыл чарба продукциясынын негизги түрлөрү боюнча өзүн-өзү камсыздоонун жогорку деңгээлине жетишти. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Чолпон-Атада өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.
"Антироссиялык санкциялар дүйнөдө терс тенденцияларды күчөттү. Эл аралык каржылык, логистикалык компаниялар менен банктар Россиядан азык-түлүк жана жер семирткичтерди сатуу менен алектенген тараптарга кредит берүүнү жана камсыздандырууну токтотушту. Чет өлкөлөрдө порт-терминалдар жабылды. Анткен менен биздин биримдиктеги беш өлкө артыкчылык алды. Учурда айыл чарба продукциясынын негизги түрлөрү боюнча өзүн-өзү камсыздоонун жогорку деңгээлине жеттик", — деди Мишустин.
Ал белгилегендей, ЕАЭБ дүйнөдөгү эң ири экспортерго айланды.
"Биз өз милдеттерибизди толук жана өз убагында аткарууга даярбыз. Россиянын президенти Владимир Путин баса белгилегендей, РФ дагы, биримдиктин башка мүчөлөрү дагы азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы маселени чечүүгө олуттуу салым кошууда", — деди өкмөт башчы.
Ошондой эле ал жыйынга катышып отурган кесиптештерин ушул багытты сактоого чакырды.
Жазага тарталы. Жапаров ЕАЭБдеги тоскоолдуктар тууралуу маселе көтөрдү