Кытай чектөөлөрдөн кийин кыргызстандык студенттерди кабыл алууну жандантты

Байсалов Кыргызстан үчүн кытай тарап менен кызматташуу приоритеттүү багыт экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кытай кыргызстандык студенттерди кабыл алууну жандантып, элчиликте "жашыл коридор" ачат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолуккан.
"Кытай тарап кыргызстандык студенттерди кабыл алууну жандантып, виза алуу боюнча элчиликте 25-августтан 30-сентябрга чейин "жашыл коридор" ачты. Соңку жылдары карантиндик чектөөлөргө байланыштуу студенттерге Кытайга барууга кыйынчылыктар жаралып жаткан", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Байсалов Кыргызстан үчүн кытай тарап менен кызматташуу приоритеттүү багыт экенин белгилеген.
Кытайдын элчиси чек ара пунктуларынын иш мөөнөтү узартылганын айтты