Алматыдан Ысык-Көлгө чейинки уникалдуу тоо маршруттар кайра ачылууда. Карта

Саякатчылар трассалардын абалы жана мүмкүн болуучу табигый коркунучтар тууралуу маалыматты жаңыртышат. Ошондой эле чек арадан өтүү тартибин иштеп чыгышат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Алматы (Казакстан) менен Ысык-Көл жээгинин ортосундагы легендарлуу тоо маршруту кайрадан туристтер үчүн ачылмакчы. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Көпкө чейин жабык турган маршрутту Сары-Булак аркылуу ашып өтүү пландалууда. Тоо жолу менен биринчилерден болуп Казакстан жана Кыргызстандын аткаминерлеринен, ишкерлерден, депутаттардан, коомдук ишмерлерден турган жоон топ өтөт.
Алматы (Казакстан) менен Ысык-Көл жээгинин ортосундагы легендарлуу тоо маршруту
Үч күндүн ичинде алар деңиз деңгээлинен 3 270 метр бийиктикке чыгып, дээрлик 30 чакырым жолду жөө өтүшү керек. Жөө жүрүш Кыргызстандын Балбай айылында 28-август күнү кечинде аяктайт.
Тажрыйбалуу спортчулардан турган дагы бир топтун маршруту Озерный ашуусу аркылуу салынган. Алар эки ашуу аркылуу 80 чакырым жолду басып өтүшөт.
Саякатчылар трассалардын абалы жана мүмкүн болуучу табигый коркунучтар тууралуу маалыматты жаңыртышат. Ошондой эле чек арадан өтүү тартибин иштеп чыгышат.
"Ашуулар треккинг, ат минүү же экстремалдык велотурларды сүйгөндөр үчүн кызыктуу болушу мүмкүн. Бир кезде алар абдан популярдуу болчу. Адистердин айтымында, Кыргызстан менен Казакстандан эле эмес, алыскы чет өлкөлөрдөн да миңдеген туристтерди тарта алат", — деп айтылат билдирүүдө.
Маршруттарды жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр акыркы алты жылдан бери жүрүп келет. Бирок казак тарап сунуштаган келишим Кыргызстандагы туроператорлордун кызыкчылыгына жооп бербей жүргөн. Быйыл бардыгы макулдашуу жолу менен чечилди.
Быйыл алты айда Кыргызстанга 2,6 млн. чет элдик жаран келди