Радио

Бакиров: Курултайдын уюштурулушу юридикалык жактан маселе жаратууда

Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров Курултай Конституциянын 7-беренесинде көрсөтүлгөнүн белгиледи.
Sputnik
Курултайдын уюштурулушу юридикалык жактан маселе жаратууда. Мындай пикирин Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Курултай өзү өлкөгө керектүү институт, бирок анын ишин мыйзамдын негизинде баштоого шарт түзүү зарыл.
"Курултайды уюштуруу, ишмердүүлүгү Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат. Учурда Курултайдын мыйзамы жок болгондуктан убактылуу жобо менен уюштурулууда. Анткен менен мындай чоң иш чараларды убактылуу жобо менен аныктоо бир дагы укуктук-ченемдик актыларда көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан юридикалык жактан маселе жаратууда. Бирок бул институт өлкөгө керек. Анткени Курултай эл менен бийликтин ортосуна көпүрө болуп бере алат. Бирок ошол эле учурда анын ишмердүүлүгү, уюштурулушу мыйзамдуу жол менен кетиши керек. Анткени убактылуу жобо мекеменин карамагындагы иштер боюнча түзүлүп келген. Ал эми Конституцияда көрсөтүлгөн институтту уюштурууда так болушу зарыл", — деди Бакиров.
Ошондой эле ал Курултайга коомдук бирикмелер жана бизнес-ассоциациялардан да өкүлдөрдү кошуу керектигин кошумчалады.