Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Кыргызстандан барчу балбандардын тизмеси

Өлкө атынан 15 спортчу дүйнө чемпиону болуу үчүн күч сынашат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Сербиянын ордо калаасы Белград шаарында 10-18-сентябрь күндөрү күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.
Дене тарбия жана спорт департаменти аталган мелдешке Кыргызстандан катыша турган балбандардын тизмесин жарыялады. Жалпысынан 15 спортчу дүйнө чемпиону болуу үчүн күч сынашат.
Грек-рим күрөшү:
Жоламан Шаршенбеков, 60 килограмм;
Тынар Шаршенбеков, 63;
Амантур Исмаилов, 67;
Акжол Махмудов, 77;
Атабек Азисбеков, 87;
Бексултан Махмудов, 97;
Улукбек Карачолоков — улук машыктыруучу;
Азат Эркимбаев — башкы машыктыруучу.
Эркин күрөш:
Бекболот Мырзаназар уулу, 57 килограмм;
Улукбек Жолдошбеков, 61;
Алибек Осмонов, 65;
Эрназар Акматалиев, 70;
Исламбек Орозбеков, 74;
Арсалан Будажапов, 79;
Исламбек Тазабеков — машыктыруучу;
Маджинов Русланбек — улук машыктыруучу;
Сүймөнкул Таабалды уулу — башкы машыктыруучу.
Кыз-келиндер күрөшү:
Айсулуу Тыныбекова, 62 килограмм;
Мээрим Жуманазарова, 68;
Айпери Медет кызы, 76;
Байгазы Кенжебаев— улук машыктыруучу;
Нурбек Изабеков — башкы машыктыруучу.
Балбан Нурзат Нуртаева U-20 дүйнө чемпионатында күмүш медаль алды