Жаңы мыйзам. Контрабанда буюмдарын ташып келе жаткан автобус мамлекетке алынды

Мындай чечимди Баткен райондук соту чыгарганы маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жүктү контрабанда жолу менен ташып келе жатып кармалган Ford Transit автобусу мамлекеттин пайдасына конфискацияланды. Бул туурасында Бажы боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашты.
Аталган автоунааны Өзбекстандын Чоң-Гара анклавынан Кыргызстанга, ЕАЭБ аймагына кирип келе жатканда УКМК менен бажы кызматкерлери кармашкан.
Жүктү контрабанда жолу менен ташып келе жатып кармалган Ford Transit автобусу
Автоунаанын жүк салган бөлүгүн текшерүү учурунда жалпы салмагы баасы 30 000 сомду түзгөн 1 200 килограмм коон табылганын айтышты.
Жагдайлар такталганга чейин автобус Баткен шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилген.
Айдоочуга 60 миң сом айып салынып, ал эми товар эки эселенген бажы төлөмдөрүн алуу, тагыраагы, 7 400 сомдук сумма менен бажыдан каттоодон өткөрүлдү.
Эске сласак, президент Садыр Жапаров буюмдарды аткезчилик жол менен ташыган транспорт каражаттарын конфискациялоого жол берген жарлыкка кол койгон.
Баалар өсүп, контрабанда көбөйүүдө. УКМК кыргызстандыктарга кайрылды