Пресс-борбор

Евразия кайра камсыздандыруу компаниясы түзүлөт. Артыкчылыгы

Мишустин бул компания бизнеске көмөктөшө турчу дагы бир инструмент болорун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Евразия кайра камсыздандыруу компаниясынын уставдык капиталы болжол менен 15 миллиард рублди түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий өкүлү Ия Малкина Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыгы тууралуу Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө билдирди.
Эске салсак, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чогулушунда Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Евразия кайра камсыздандыруу компаниясы түзүлүп жатканын айтып, бул бизнеске көмөктөшө турчу дагы бир инструмент болорун белгилеген.
"Уставдык фондду түзүүнүн майда-чүйдөлөрү келишимге кол коюлуп ратификациялангандан кийин такталат. Андан кийин ЕЭК тактикалык чечимдерди иштеп чыгууга киришет. Компаниянын уставдык капиталы мүчө-мамлекеттердин төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлүп, болжол менен 15 миллиард рубль болушу ыктымал. Анын потенциалдуу камсыздандыруу сыйымдуулугу болжол менен 2 миллиард долларга жетет", — деди Малкина.
Ал компания биргелешкен кооперативдик долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болорун белгилеген.
"Евразия кайра камсыздандыруу компаниясы экспорт насыяларын жана инвестицияларды ар кандай тобокелдиктерден кайра камсыздандырат деп ишенебиз", — деген ал.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыгында кандай документтерге кол коюлганын Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Мишустин ЕАЭБ өлкөлөрү өзүн-өзү азык-түлүк менен канчалык камсыздай аларын айтты