Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде кол коюлган документтер

ЕАЭБ өкмөт башчылары отурумда экономиканын ар тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча сүйлөшүп, чечимдерди кабыл алышты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Алардын тизмесин министрлер кабинетинин маалымат кызматы жарыялады.
Документтер:
"Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө" буйрук;
"Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук продукция рыногун жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча иштин жүрүшү жөнүндө" маселенин алкагындагы тапшырма;
"2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге жеке жактар тарабынан сатылуучу товарлардын электрондук соодасынан кыйыр салыктарды алуунун тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору тууралуу" маселе боюнча тапшырма;
"Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жөнүндө" маселенин алкагындагы тапшырмалар;
"Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси жөнүндө" буйрук;
"Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин улуттук валюталарын өз ара сооданын алкагында эсептешүүлөрдү ишке ашырууда колдонууну кеңейтүү боюнча мындан аркы иштер жөнүндө" буйрук;
"Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" буйрук;
"Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө" жарлык;
"Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө" буйрук.
Мишустин ЕАЭБ өлкөлөрү өзүн-өзү азык-түлүк менен канчалык камсыздай аларын айтты