ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштары 10 долбоор сунуштады

Мыкты долбоор ээлери Горчаков атындагы фонд тарабынан 500 миң рубль менен сыйланышат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнөн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан I Жаштар форумуна келген жаш активисттер өз долбоорлорун калыстардын жана форумдун конокторунун сынына койду.
Форумдун биринчи күнүндө жаш лидерлер үчүн мастер-класс, дискуссиялар өткөрүлгөн. Анын шарттарына ылайык, бүгүн активисттер өздөрүнүн долбоорлору тууралуу айтып беришти.
Жалпысынан он демилге сунушталды, анын ичинде Евразия студенттер ассамблеясын түзүү, ЕАЭБ өлкөлөрүндө билимди даңазалоо, Евразия жаштар съездин биримдиктин түрдүү шаарларында өткөрүү, ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттеринде чылым чегүүгө каршы күрөшүү, жаштардын эффективдүү бизнес-бирикмесин түзүү сыяктуу демилгелер бар.
Презентациялардын жыйынтыгында эң мыкты долбоор ээлери А.М. Горчаков атындагы Коомдук дипломатия фонду тарабынан сыйланат. Сыйлыктын суммасы 500 миң рублге жетиши мүкмүн.
Мыкты деп табылган долбоорлор форумдун жабылышында Кырчын жайлоосунда жарыяланат.
Горчаков фонду Евразия өлкөлөр арасындагы өнөктөштүк мамилени бекемдеген эл аралык кызматташтыктарга, эки тараптуу демилгелерге, идеяларга багытталган долбоорлорго гранттык колдоо көрсөтүп келет.
I Жаштар форуму 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өтүүдө. Ал ЕАЭБ жана КМШнын алты өлкөсүнөн келген жаш активисттердин, дипломаттардын, мамлекеттик кызматкерлердин башын бириктирди.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — иш-чаранын расмий медиаөнөктөшү.
Жаштарды бириктирген ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн алгачкы форуму. Сүрөттөр