БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны Арменияда өтөт. Бул тууралуу биримдикке мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын чогулушунда Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдирди.
Анын айтымында, кезектеги жыйын 20-21-октябрга белгиленген.
Учурда Чолпон-Атада премьер-министрлердин чогулушунун жыйынтыгы боюнча документтерге кол коюлуп жатат.