Мишустин ЕАЭБ кимдер менен кызматташууну кеңейтиши керектигин айтты

Өкмөт башчы кызматташтыкты кеңейтүү товарларды дүйнөлүк рынокко чыгарууга шарт түзөрүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Евразия экономикалык биримдиги кайсы мамлекет жана уюмдар менен кызматташууну кеңейтиши керектигин айтты.
"ЕАЭБ башка мамлекет, уюмдар менен конструктивдүү диалогду бекемдөөдө. Россия ушул эле кызматташтыкты Азия-Тынч океан аймагы, Жакынкы Чыгыш, Латын Америкасы, Африка-Кытай, Египет, Индия, Иран мамлекеттери жана ШКУ, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы менен да өркүндөтүшү керек деп эсептейт", — деген Мишустин.
Ал мындай ыкма товарларды дүйнөлүк рынокко чыгарууга шарт түзүп, Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык аренадагы кадыр-баркын бекемдей турганын кошумчалаган.
Мишустин: ЕАЭБ өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди