Оверчук: ЕАЭБ, КМШ өлкөлөрү дүйнө ыргагында уникалдуу позициясын көрсөтө алды

Жолугушууга кесипкөй жаштар, вице-премьерлер, ЕЭК коллегиясынын төрагасы жана КМШ аткаруу комитетинин башчысы катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдиги жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрү дүйнөнүн азыркы ыргагында уникалдуу позициясын көрсөтүп, башка көптөгөн өлкөлөргө салыштырмалуу объективдүү артыкчылыктарга ээ боло алды. Бул туурасында Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук КМШ жана ЕАЭБдин Жаштар форумунун алкагында өткөн эртең мененки тамактануудагы жолугушууда билдирди.
Ага кесипкөй жаштар, вице-премьерлер, ЕЭК коллегиясынын төрагасы жана КМШ аткаруу комитетинин башчысы катышты.
"Азыркы замандын өнүгүп жаткан ыргагына көңүл бурушубуз керек. Бул регионалдаштыруу, процесстер, климаттын өзгөрүшү, технологиялык өтмөктөр. Мындай өзгөрүүлөргө байланыштуу тобокелчиликтерден арылта турган чечимдерди кабыл алуу талап кылынат. Бүгүн экономикалык борбор Батыштан Чыгышка ооп жатат. Бул жерде чынында өтө жакшы перспективалар бар", — деди Оверчук.
Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн "Келечек" деп аталган биринчи Жаштар форуму өтүп жатат. Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан 250дөн ашуун делегат катышууда. Жаш ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, креативдүү жаштар жана студенттер кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана Евразия интеграциясын жайылтуу идеяларын талкуулашат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу форумдун расмий медиаөнөктөшү болду.
ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн I Жаштар форуму кандай өтүүдө. Видео