Бишкектин бир катар райондорунда беш күн газ болбойт

Компания келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурады.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкектин түштүк тарабындагы бир катар райондорунда 29-августтан 2-сентябрга чейин газ өчүрүлөт. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Көгүлтүр от берүү жаңы турак жай комплексин газ менен камсыздай турган шаардык системага туташтырып жаткандыктан улам токтотулуп жатканы айтылды.
Газ Малдыбаев, Садырбаев, Ахунбаев жана Магистраль көчөлөрүнүн аймагында өчүрүлөрү айтылды. Андан сырткары, Балдар айылында, Россия элчилигинин резиденциясында, Жал-29, Жал-30 кичи райондорунда, Киргизия-1 жана Ынтымак конуштарында болбойт.
"Газпром Кыргызстан" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурады.
Күн кайра ысыйбы? Дем алышка карата аба ырайы