Таштандысын көчөгө ыргыткан тигүү цехтерине айып салынат. Мэрия жолун айтты

Акыр-чикирди туш келди ыргыткандыгы үчүн юридикалык жактарга — 13 миң, жеке жактарга 3 миң сом айып салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын маалымат катчысы Индира Абылмейиз кызы Sputnik маалымат агенттигине Бишкектеги тигүү цехтеринин көбү таштандыларын көчөгө ыргытарын айтып, бул үчүн айып салынарын эскертти.
Ал тигүү цехтеринен чыккан таштандыны эмне кылуу керектигин түшүндүрдү.

"Өзүңөр билгендей, тигүү цехтери көп. Анын басымдуу бөлүгү өздөрү жашаган үйдүн эле бир бөлүгүн ылайыкташтырып алган. Өндүрүштөн чыккан таштанды, кесиндилерин мүшөккө тыгып дарбазанын сыртына, көчөгө таштап салышат. Таштанды челектерине алып баргыла деп айтабыз. Бирок анын салмагы оор, таштанды челектерге күч келип сынат, жумушчулардын иши ого бетер оорлошот. Ошондуктан алар ишкана катары "Тазалык" менен келишим түзүшү керек. Келишимдин негизинде компания кызматкерлери ошол цехке барып таштандысын алып кетип турат. Учурда "Тазалык" менен бул багытта иштешип жатабыз", — деди ал.

Абылмейиз кызы учурда муниципалдык инспекторлор таштандыны башаламан ыргыткан тигүү цехтерине рейд жүргүзүп жатканын айтып, аларга "Тазалык" ишканасы менен келишим түзүүнү сунуштап жатканын кошумчалады.
Административдик кодекс боюнча, таштандыны туш келди ыргыткан жеке жактарга — 3 миң, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат.
Бишкекте “Тазалыктын" белгиси түшүрүлгөн 40ка чукул жаңы урна орнотулат