БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Украинадагы кырдаал боюнча Россияга каршы билдирүүгө БУУга мүчө-өлкөлөрдүн үчтөн биринен азы кошулду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Аталган билдирүү шаршемби күнү уюмдун штаб-квартирасында жарыяланган. Анда Россия атайын операциясын токтотпой жатканы сынга алынды.
Билдирүүгө БУУга 193 мамлекеттин ичинен АКШ, Улуу Британия, Албания, Австралия, Канада, Чехия, Грузия, Франция, Япония, Латвия, Литва, Италия, Испания сыяктуу 54 гана өлкө кол койгон.
"Биз Украинанын эгемендүүлүгүн, биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн каалайбыз. Россияны согуштук аракеттерди токтотууга чакырабыз", — деп айтылат документте.
Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп жатат. Президент Владимир Путиндин айтымында, түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү.