Путин аскер кызматкерлеринин санын көбөйтүү боюнча жарлыкка кол койду

Тиешелүү документ укуктук маалымат порталына жарыяланган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Владимир Путин Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн штаттык санын 137 миң аскерге көбөйтүү боюнча жарлыкка кол койгонун РИА Новости жазды.
Тиешелүү документ укуктук маалымат порталына жарыяланган.
"Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн штаттык саны 2 039 758ге, анын ичинде 1 150 628и аскер кызматкери болуп көбөйтүлсүн", — деп жазылат жаңы жарлыкта.
2017-жылдын 17-ноябрындагы мурдагы документ боюнча, Россиянын Куралдуу күчтөрүндө 1 миллион 902 миң 758 жоокер жана офицер болгон. Анын ичинде 1 миллион 13 миң 628и — аскер кызматкери.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия БУУ жыйынында Украинадагы атайын операция кандай шартта аяктарын айтты