Ригада тарыхый эстелик алынып, РФ элчилиги Латвияга нааразылыгын билдирди

Россия Риганы коргоочуларга тургузулган эстеликти алып салгандарга жооп кайтарыларын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Латвиядагы Россия элчилиги алардын ТИМине Риганы бошотуучулардын эстелигин алып салганы үчүн нааразылык нотасын жибергенин РИА Новости жазды.
"Элчилик Латвия ТИМине Россия тараптан мындай кадам үчүн аларга жооп жасаларын айтып, нааразылык нотасын жиберди ", — деп айтылат өкүлчүлүктүн Facebook* баракчасындагы маалыматында.
Ал эми Sputnik Өзбекстандын Telegram каналы Риганы бошотуучуларга коюлган эстеликти кулатып жаткан видеону жарыялады.
Эске салсак, Латвия бийлиги аталган эстеликти 23-августта ордунан алып салуу иштерин баштаган. Борбор калаада мындай кадамга нааразылыгын билдирген адамдар чыккан. Латвия полициясы Жеңиш паркынан 14 адам кармалгандыгын жана аларга тартип бузду деген айып коюлгандыгын маалымдады. Эртеси эстеликти алуу иштери кайрадан жанданган.
* Meta ишмердүүлүгүнө (Facebook жана Instagram) Россияда тыюу салынган.
Путин неонацизм менен расизмдин жайылышына катаал чара көрүүгө чакырды