Түндө Бишкекте жанаша жайгашкан үч турак үй өрттөндү. Сүрөт

Кырсыктан жабыркагандар жок.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Түн ичинде Бишкекте сегиз батирлүү үй өрттөнгөнүн ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Түн ичинде Бишкекте сегиз батирлүү үй өрттөнгөнүн ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады

2 / 3

Өрт 25-августка караган түнү саат 03:36да Абдраев көчөсүндө жайгашкан көп батирлүү үйдөн чыккан

3 / 3

Белгилүү болгондой, ал батирлер ижарага берилчү.

Өрт 25-августка караган түнү саат 03:36да Абдраев көчөсүндө жайгашкан көп батирлүү үйдөн чыккан. Белгилүү болгондой, ал батирлер ижарага берилчү.
"Жалын ага жанаша жайгашкан эки кабат үйгө да өтүп, анын беш бөлмөсү күйгөн. Мындан тышкары, өрттөн үч бөлмөлүү башка да турак үй күйүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМден төрт бөлүм тартылып, саат 05:06да чектөөгө алынып, саат 08:26да толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок экени кошумчаланды.
Кара-Балтада курулуш материалдарын саткан дүкөн өрттөнүүдө. Видео