Радио

Ашымбаева: мектепте билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандарты кабыл алынды

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Токтобүбү Ашымбаева билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандарты этап менен ишке ашырыларын айтты.
Sputnik
Мектепте билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандарты 2022-жылы 22-июлда өкмөттүн №393 токтому менен бекитилди. Учурда Билим берүү министрлиги мамлекеттик стандартты ишке ашыруу боюнча жол картасын иштеп чыгууда. Бул тууралуу Токтобүбү Ашымбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыр колдонулуп жаткан билим берүү стандарты 2014-жылы кабыл алынган.
"Мектепте билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандартына ылайык, башталгыч класстарга дагы бир жаңы интеграцияланган "Мен жана дүйнө" предметин (мекен таануу, табият таануу, турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери, этика бириктирилет) киргизүү каралган. Мындан тышкары, документте жалпы орто билим берүүнүн бүтүрүүчүсүнүн модели сүрөттөлөт. Мектептин бүтүрүүчүсү пландоо, долбоорлоо, моделдөө, прогноздоо, изилдөө иштерин жүргүзүүнү үйрөнүп, ошондой эле мамлекеттик, расмий жана бир чет тилди кайсы бир деңгээлде билип чыгат. Мектепте билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандартынын алкагында предметтик стандарттар, андан кийин окуу пландары, окуу-методикалык комплекстер жаңыланат. Бирок бул бир топ убакытты талап кылат. Ошондуктан жаңы окуу жылынан баштап бардык өзгөртүүлөр ишке кирбейт. Бирок кээ бир элементтер 2022-жылдын сентябрынан тарта пайда болот. Алсак, жаңы окуу жылынан баштап мектептеги 1-2-класстын окуучуларына сабактагы жетишкендиктери үчүн баа коюлбайт жана жогорку класска диндердин өнүгүү тарыхы жаңы предмети кирет. Калган өзгөрүүлөр жол картасына жараша ишке ашырылат", — деди Ашымбаева.
Ал маалымат секунд сайын өзгөрүп, коом өнүгүп жатканына байланыштуу билим берүүнүн мамлекеттик стандарты 6-7 жылда бир жаңыланып турушу керектигин кошумчалады.