Турак жай, жарандык курулуш департаменти 2022-жылы мамлекеттик каржылоонун эсебинен 258 социалдык объектиде иш алып барууну бекиткен. Анын ичинен билим берүү мекемелерин куруп, оңдоп-түзөөгө 1 миллиард 723,5 миллион сом каралса, 960 миллион сомдук каржылоо ачылган. Бул тууралуу Жумабай Мандеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкө аймагында 245 авариялык мектепти жаңылоо аракеттери көрүлүп жатат.
"Быйыл өлкө аймагында 177 мектеп, 35 бала бакчаны куруу, 38 мектеп, алты бала бакчаны оңдоп-түзөө иштери мерчемделген. Билим берүү жайларын курууга 1 миллиард 593,9 миллион сом, ал эми капиталдык оңдоп-түзөөгө 129,5 миллион сом каралды. Учурда Бишкекте — 2, Чүйдө — 22, Баткенде — 24, Жалал-Абад облусунда — 56, Ысык-Көлдө — 33, Нарын аймагында — 26, Ош облусунда — 78, Талас жергесинде 17 билим берүү мекемелери курулуп, оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. 2022-жылдын 1-сентябрына 20дан ашык билим берүү жайларынын курулушу бүткөрүлүп, колдонууга берилет", — деди Мандеев.
Ал жыл аягына чейин 18 таза суу түтүктөрүнүн курулушу аяктай турганын кошумчалады.