Жарандардын жеке маалыматтары чыгып кетиши мүмкүн. Мамлекет банктарга кайрылды

Мамлекеттик агенттик кыргызстандыктарды банктык реквизиттерге этият мамиле кылууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик кыргызстандыктардын жеке маалыматтары сыртка чыгып кетиши мүмкүн деп божомолдоп, муну тактоо үчүн айрым банктарга кайрылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин ЖМКлар РФ жана КМШны онлайн-банкинг программалары менен камсыздаган россиялык Right Line компаниясына хакердик чабуул жасалганын жазып чыгышкан. Интернетте банктардын тиркемелерин колдонууда кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.
Бул окуядан улам кыргызстандыктардын жеке маалыматтарына тынчсыздануу менен агенттик айрым банктардан маалымат сурады.
Мекеме жарандарды этият болуп, банктык реквизиттерди эч кимге бербеш керектигин эскертет. Ошондой эле интернет аркылуу соода кылууда сак болууга чакырат.
Адис алдамчылардын торуна илинип калбаш үчүн эмне кылуу керектигин айтты