Кыргызстан менен Казакстан сооданын көлөмүн 2 млрд. долларга жеткирүүнү пландоодо

Үстүбүздөгү жылдын алты айында эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү 568 миллион долларды түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүүнү пландоодо. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолукту
Жолугушуу бүгүн Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында өткөн.
"Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү жарым жыл ичинде 568 миллион долларды түздү, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24 пайызга көп. Бул кубандырат жана алдыга умтулууга шыктандырат", — деген Жапаров.
Смаилов өз кезегинде товардын көлөмүн көбөйтүү пландарын билдирген.
"Биздин негизги максатыбыз — мамлекет башчылары тарабынан коюлган тапшырмаларды толук ишке ашыруу жана казак-кыргыз кызматташтыгын мындан ары чыңдоо", — деди ал.
Өкмөт башчылары чек ара тилкесинде өнөр жай соода-логистикалык комплексин куруу, айыл чарба тармагындагы кызматташуу, Кыргызстандын жүк ташуучу унааларынын чек арадан өтүү маселелерин да талкуулашты.
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү 40%га өстү