Чолпон-Атада ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны башталды. Видео

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн отурумунда каралчу маселелердин арбындыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отуруму тар чөйрөдө башталды.
Иш-чара мамлекеттик резиденцияда өтүп жатат. Аны министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров ачып, кыскача сүйлөп, андан соң иш-чаранын жабык өтчү бөлүгү башталды.
"Өкмөттөр аралык кеңештин урматтуу мүчөлөрү, кесиптештер, кеңештин Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн кезектеги отурумга кош келипсиздер. Каралчу маселелер абдан көп, бардыгыңыздарга жемиштүү жана конструктивдүү иш каалайм. Пресса, сиздерге рахмат", — деп Жапаров айткандан кийин жыйын көрсөтүлүп жаткан эфирдин микрофондору өчүрүлдү.
Белгилей кетсек, 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында боло турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны пландалган. Анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.
ЕАЭБ менен КМШ жаштарына робот техникасы боюнча мастер-класс өткөрүлдү