Теракт жасоого даярданган. Калининградда "Азовдун"* тарапташы кармалды. Видео

Жардырууну жасоого камынган киши Россиянын 55 жаштагы жараны болуп чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Калининградда "Азов"* тарабына өткөн, Балтика флоту менен аэропортто теракт кылууну пландаган киши кармалды. Бул туурасында ФСБнин маалымат кызматына таянып РИА Новости билдирди.
Ведомстводон ал Россиянын 55 жаштагы жараны экендигин айтышкан.
"Калининград шаарында "Азовду"* колдогон, бул уюмдун Россиянын Аскер-деңиз флотунун Балтика флотуна жана аскерлерине, "Храброво" аэропорту боюнча террордук-диверсиялык ниетин колдоп ишке ашырууну пландаган киши кармалды ", — деп айтылат маалыматта.
Ага тиешелүү жерден катылган, тротила эквивалентиндеги беш килограммдык колго жасалган бомба, "Азовго" активдүү мүчө болгондор менен жазышуу, тыюу салынган уюмдун символикасы менен үгүттөөчү адабияттар табылган.
Кармалган киши кылмышты мойнуна алган. Атайын кызмат жарыялаган видеодо ал бардыгы "Правда Геращенко" деп аталган Telegram-каналдын ботуна жазгандан кийин башталганын айтып берген.
"Компоненттерди сатып алуу керектигин айтышты, жардыргыч затты колго жасоо үчүн булардын баарын сатып алдым. Ал Зеленоград районундагы Переславское поселогунда жайгашкан Балтика флотуна тиешелүү объектилерди жок кылыш үчүн керек болчу", — деп айтып берген кармалган киши.
Ал адамга карата "Террордук актыны даярдоо", "Куралды мыйзамсыз даярдоо" беренелери менен иш козголгон.
*Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм
ФСБ журналист Дарья Дугинанын өлтүрүлүшү боюнча иштин бетин ачты