БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Украинадан келген качкындарды жайгаштыруу 2015-жылдагы миграциялык башаламандыктан кийин өзүнө келе албай жаткан немец коомчулугу үчүн бир топ көйгөйлөрдү жаратууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Бундестагдын депутаты Евгений Шмидт билдирди.
"Германиянын ЖМКлары Украина элине тилектештигин көрсөтүп, колунан келгендин баарын кылууга аракет жасап жатат. Бирок коом инфляциядан жана кыштын каарынан жүдөп турган маалда Украинанын жаңылыктарынан тажап кетти", — деди депутат.
Анын айтымында, канцлер Олаф Шольцтун өкмөтү Украинаны колдоо боюнча популисттик билдирүүлөрдү жасап, бирок өзүнүн түз милдеттерин иш жүзүндө аткарбай келет.
"Албетте, көп сандагы качкындарды жайгаштыруу 2015-жылдагы миграциялык башаламандыктан чыга албаган немец коому үчүн кыйынчылык жаратууда. Пландан тышкары чыгашалар жергиликтүү бюджетке оор жүк болуп жатат", — деп белгиледи Шмидт.
Маалыматка караганда, качкындарга турак жай таап берүү олуттуу көйгөй жаратты. Анткени украин аялдарын (эркектер көбүнчө өлкөдөн чыгарылган эмес) мурда келген арабдар жана африкалыктар жашаган качкындар жатаканасына киргизип коюу кыз-келиндерге карата зордук-зомлубукту жаратары белгилүү.
Ошондой эле депутат башталарына саналуу күндөр калган жаңы окуу жылы немец бийлигинин айласын кетирип жатканын айтты. Анткени "ансыз дагы кыйынчылыкта турган билим берүү системасы эми миңдеген украин балдарын мектепке жайгаштырышы керек".