Омаров: соңку окуялар Европа менен мамиле түзүү туура эмес болгонун айгинеледи

Өлкөлөрдө бизнести өнүктүрүүнүн башкы милдети жаш ишкердикти илгерилетүү болору белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Дүйнөдөгү соңку окуялар биринчи кезекте Европа менен мамиле түзүү такыр туура эмес болгонун көрсөттү. Бул туурасында "Опора России" чакан жана орто ишкердик коомдук уюмунун вице-президенти Эдуард Омаров Жаштар форумунда билдирди.
Ал бүгүн "КМШ менен ЕАЭБде жаш ишкерлер үчүн экономикалык интеграциялар мүмкүнчүлүктөрү" деп аталган панелдик дискуссияда сүйлөгөн.
"Буга чейин көпчүлүк биринчи кезекте Европа менен мамиле курууга аракет кылышчу, соңку окуялар бул туура эмес кадам болгонун көрсөттү. Өзүбүздүн эле КМШ өлкөлөрүнүн ичинде чоң ресурстар бар, тилекке каршы, биз аны кандайдыр бир деңгээлде колдонгон жокпуз. ЕАЭБ жана КМШнын аткаруу комитетинин жетекчилигинин арты менен бул ишти баштап жатабыз. Бүгүн биздики пионердик кадам, форумда өз ара мамилелердин, өзгөчө экономиканын өсүшүнө старт беребиз", — деди Омаров.
Талкуунун катышуучулары аталган эки уюмга мүчө-өлкөлөрдө бизнести өнүктүрүүнүн башкы милдети жаш ишкердикти илгерилетүү болорун белгилешти.
ЕЭК башчысы жаштардын демилгелерин колдоо үчүн Евразия фондун түзүүнү сунуштады