Элчи жана губернатор Ульяновскинин ооруканасындагы кыргызстандыктарга барды. Сүрөт

Облус жетекчиси бейтаптардын туугандарына дагы ар тараптуу жардам көрсөтүлөрүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат жана Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских үрөй учурган жол кырсыктан жаракат алган кыргызстандыктардын абалын сурап ооруканага барышты. Бул туурасында региондун башчысы Telegram каналына жазды.
"Николаев районундагы үрөй учурган автокырсыктан аман калган үч жарандан кабар алып келдик. Жогорку кесипкөйлүгү жана үзүрлүү эмгеги үчүн дагы бир ирет облустук травматология борборунун дарыгерлерине ыраазчылык билдирем. Учурда кыргызстандык бейтаптардын абалы туруктуу, жылыш бар. Жаракат алгандардын абалы жакшырып жатканына кубандым", — деп жазган Русских.
Облус жетекчиси Ульяновскиге бейтаптардын туугандарына дагы ар тараптуу жардам көрсөтүлөрүн айтты.
"Алардын үй-бүлөсү кандай кайгыга батып жатканын түшүнүп турабыз. Сөзсүз түрдө бейтаптар толугу менен айыгып чыкканга чейин жардам беребиз. Ал эми Кыргызстандын элчиси менен жаралган бардык маселелерди чечүү боюнча байланышта болуп турууга макулдаштык", — деди губернатор.
Эске салсак, 21-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаев районунда жүк ташуучу автоунаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп, 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары экени аныкталган. Мекендештердин сөөгү 23-августта атайын борт менен алып келинип жерге берилди.
Лавров Ульяновскиде кайгылуу окуядан улам кыргызстандыктарга көңүл айтты