Жаштарды бириктирген ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн алгачкы форуму. Сүрөттөр

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн "Келечек" деп аталган биринчи Жаштар форуму башталды. Ага Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан 250дөн ашуун делегат катышууда.
Sputnik
Иш-чарада жаш ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, креативдүү жаштар жана студенттер Евразия интеграциясындагы идеяларды талкуулап жатышат.
Форум ЕАЭБдин жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара иштешүү процессин кеңейтүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана өсүп келе жаткан муундун социалдык, профессионалдык жактан ар тараптуу өсүшүнө багытталган.
1 / 14

Бүгүн Ысык-Көлдүн жээгинде ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн "Келечек" деп аталган биринчи Жаштар форуму башталды

2 / 14

Иш-чара алты өлкөдөн келген 250дөн ашуун кишинин башын бириктирди

3 / 14

Форум уюштурулган Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борбору

4 / 14

Иш-чарада мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, креативдүү жаштар жана студенттер пикир алмашты

5 / 14

Биринчи Жаштар форуму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген

6 / 14

Жаштар форумунда ЕАЭБде мамлекеттик кызматкерлерди стажировкадан өткөрүү сунушу айтылды

7 / 14

Форум ЕАЭБдин жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара иштешүү процессин кеңейтүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана өсүп келе жаткан муундун социалдык, профессионалдык жактан ар тараптуу өсүшүнө багытталган

8 / 14

Белгилей кетсек, форум Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны менен катарлаш өтүп жатат

9 / 14

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүндө ишкердик көпүрөсүн курууга чоң потенциал бар экенин белгиледи

10 / 14

Жаштар форумунун катышуучусу, кыргызстандык алып баруучу Айзада Жамгырчиева

11 / 14

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) башчысы Михаил Мясникович сөз сүйлөдү

12 / 14

Жаштар — Евразия интеграциясынын жаңы вектору экени белгиленди

13 / 14

ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн биринчи Жаштар форумунун катышуучуларына "Учуучу робот техникалары" жана "Мобилдик робот техникалары" компетенциялары боюнча мастер-класстар өтүлдү

14 / 14

Анда конокторго сырткы операторлордун башкаруусу жок автоматтык режимде дрондордун бийи, мобилдик роботтордун иштеши көрсөтүлдү