БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. ЕАЭБдеги мамлекеттик кызматкерлер бири-бири менен аралашып, пикир алышса жакшы болот деген пикирин президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Чолпон-Атадагы Жаштар форумунда айтты.
Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Чолпон-Атадагы Жаштар форумунда
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КР
Ал "КМШ менен ЕАЭБдин жаш лидерлери. Резервдеги жаш кадрларды даярдоонун келечеги" деп аталган секцияда сүйлөдү.
"ЕАЭБдин ар бир өлкөсүндө өзүнүн мамлекеттик кызматы бар. Өзүнүн Конституциясы, мыйзамдары жана мамлекеттик кызматтын өзүнүн принциптери калыптанган. Эгерде ошол нерселер аралашса жакшы болот эле. Кеп бул жерде кыргыз же россиялык тажрыйбаны имплементация кылуу туурасында эмес, мыкты тажрыйба, балким, мамлекеттик кызматкерлердин стажировкасы туурасында жүрүп жатат", — деди Акматалиев.
Ал Кыргызстандагы мамлекеттик кызматкерлер ЕАЭБ жана ал союз кандай иштээри туурасында жеткиликтүү түрдө маалымдар эмес деген пикирин айтты.
"Балким, атайын билим берүү программалары, ЕАЭБ линиясы боюнча ЖОЖдордогу жалпы модулдар же стипендиялык түзүм керектир?" — деп суроо салды ректор.
Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн "Келечек" деп аталган биринчи Жаштар форуму өтүп жатат. Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан 250дөн ашуун делегат катышууда. Жаш ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, креативдүү жаштар жана студенттер кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана Евразия интеграциясын жайылтуу идеяларын талкуулашат.
Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны менен катарлаш өтүүдө. Биринчи Жаштар форуму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу форумдун расмий медиа өнөктөшү болду.