БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Улгайган куракта алкоголдук суусундуктарды ичүү инфарктыга жеткириши мүмкүн. Бул тууралуу диетолог, медицина илимдеринин доктору Михаил Гинзбургга таянып "Известия" жазды.
Ичимдик жүрөк-кан тамыр системасынын ишин бузуп, өнөкөт ооруларды андан ары күчөтүп же оор өткөрүүнү шартташы ыктымал.
"Спирт ичимдиги жүрөктүн иштешин тездетип, кычкылтекти көп талап кылат. Адатта улгайгандардын жүрөгүндө атеросклероз өңдүү оорулар кездешет, анан алкоголдун айынан инфаркт болушат", — деди Гинзбург.
Дарыгер ичимдик кандагы канттын деңгээлине да таасир этерин кошумчалады. Ал зыяндуу делген суусундуктарды көк чайга алмаштырууга кеңеш берди.