Күн кайра ысыйбы? Дем алышка карата аба ырайы

Бишкекте да жамгыр жаабайт. Абанын температурасы 32 градуска жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет апта этегиндеги эки күнгө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Билдирмеге караганда, дем алыш күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкекте да жамгыр жаабайт. Абанын температурасы 32 градуска чейин ысыйт.

Чүй, Талас облустары

Ишемби күнү Чүйдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жекшемби, 28-августта, күндүз айрым аймактарында өткүн өтүшү ыктымал. Күндүн табы 27...32 градуска чейин жетет. Таласта күн ачык болуп жамгыр жаабайт. Абанын температурасы 25…27 градуска көтөрүлөт.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Ошто жекшембиде күндүз айрым жерлерге жаан себелеши ыктымал. Негизинен күн ачык болору айтылды. Баткен менен Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 28...30 градуска жетет.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Августтун соңку күндөрү Ысык-Көлдө күн жылуу болору, абанын температурасы 22...27 градуска чейин ысый турганы айтылды. 28-августта күндүз айрым жерлерде жаан себелеши ыктымал. Нарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күн 28 градуска чейин ысыйт.
Ошто күн 34 градуска чейин ысыйт. Бир жумага карата аба ырайы