Чолпон-Атага Россия, Казакстан, Беларусь өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары келди

Бүгүн, эртең Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Чолпон-Атага дагы үч өлкөнүн өкмөт башчылары келди.
1 / 3

Казакстандын премьер-министр Алихан Смаилов

2 / 3

Россиянын министрлер кабинетинин төрагасы Михаил Мишустин

3 / 3

Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко

Казакстандын премьер-министр Алихан Смаилов, Россиянын министрлер кабинетинин төрагасы Михаил Мишустин, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко келип түштү.
"Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан ардактуу меймандарды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Түшкө чейин аба майданга Армения менен Азербайжандын премьер-министрлеринин учагы келип конгон.
Белгилей кетсек, 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.
ШКУ коргоо министрлери Өзбекстанда дүйнө тартибинин келечегин аныктоодо