Чолпон-Атада ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн I Жаштар форуму башталды. Видео

Алты өлкөдөн келген 250дөн ашуун жаш ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, креативдүү жаштар жана студенттер Евразия интеграциясындагы идеяларды талкуулашат.
Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 25-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн "Келечек" деп аталган биринчи Жаштар форуму башталды.
Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан 250дөн ашуун делегат катышууда. Жаш ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, креативдүү жаштар жана студенттер кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана Евразия интеграциясын жайылтуу идеяларын талкуулашат.
Форум ЕАЭБдин жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара иштешүү процессин кеңейтүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана өсүп келе жаткан муундун социалдык, профессионалдык жактан ар тараптуу өсүшүнө багытталган.
Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны менен катарлаш өтүп жатат. Биринчи Жаштар форуму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген.
Чолпон-Атада ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт