Бишкек — Ош жолунда Subaru Outback фураны сүзүп, эки өспүрүм каза болду

Жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четинде токтоп турган фуранын чиркегичин сүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 390-чакырымында автокырсык катталып, эки өспүрүм каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Көл шаарына жеткенде Subaru Outback үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четинде токтоп турган фуранын чиркегичин сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен беш эркек киши жабыркаган. Куткаруучулар жеткенге чейин төрт адамды Тез жардам кызматы Кара-Көл шаардык ооруканасына алып кетишкен. Ал эми кыпчылып калган бир адамды куткаруучулар чыгарып ооруканага жеткизишкен. Баарынын тең абалы оор экени айтылды.
Ооруканага жаткырылгандан кийин 16 жаштагы эки өспүрүм көз жумган.
Бишкекте ЗиЛдин 17 жаштагы кызды сүзүп кеткени видеого түшүп калган