Бишкек — Ош жолундагы кырсык. Үчүнчү өспүрүм да көз жумганы айтылды

Учурда аталган ооруканага жеткирилген эки жабырлануучу эс-учун билбей жатканы, алардын бирине операция жасалганы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош жолундагы кырсыктан үчүнчү өспүрүм да көз жумду. Маалыматты Кара-Көл шаардык ооруканасынан тастыкташты.
Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 390-чакырымында, тагыраагы, Кара-Көл шаарында Subaru Outback үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четинде токтоп турган фуранын чиркегичин сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен беш эркек киши жабыркаган. Алардын ичинен 16 жаштагы эки баланын көз жумганы айтылган.
"16 жаштагы үчүнчү өспүрүм ооруканадан үзүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган ооруканага жеткирилген эки жабырлануучу эс-учун билбеген абалда жатканы, алардын бирине операция жасалганы кошумчаланды.
Бишкекте ЗиЛдин 17 жаштагы кызды сүзүп кеткени видеого түшүп калган